Билим берүү

Токтогул атындагы ✓1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3- б классынын класс жетекчиси Арыкбаев Ш.С, мектеп китепканасынын башчысы Акылбекова Гүлбара менен бирдикте Ч.Айтматовдун " Чыпалак бала" деген жомогун видео аркылуу көрсөтүп берди. Окуучулар менен бирге, суроо жооп иретинде кайтарым байланыш жүргүзүлдү. Жомок боюнча талкуудан кийин Ч.Айтматовдун өмүр баянына токтолуп, суроо жооп улантылды.Окуучулар Ч.Айтматовдун айрым чыгармаларынан көркөм айтып беришти.Жазуучунун чыгармаларынан алынган сүрөттөр менен таанышып,суроо жооп улантылды.

  • 1 Кароолор