“Кара-Көл периси – 2019”

“Кара-Көл периси – 2019”

Сынакта  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү, кыргыздын каада- салттарын жайылтуу, кыргыз тилинин көркөм кудуретин калыптандыруу жана кыргыз кыздарынын сулуулугун даңазалоо максатында шаардык “Кара-Көл периси – 2019” аттуу сынактын жобосунун негизинде 2019-жылдын 27-февралында  Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында 10-11-класстарынын арасында “Мектеп периси” сынагы болуп өттү.

Сынактын программасы:

1. Саламдашуу (өзүн-өзү тааныштыруу, кыргыз тилинде, (1минута);

2. Өз-өнөрүн тартулоо (3-5 минута);

3. Ашкана (сервировка (3 минута)

4. Мода (заманбап стилинде кол өнөрчүлүк);

5. Суроо-жооп (логика, каада-салт, тарых);

6. Бий (кыргыз бий)

7. Дефиле (кече көйнөгү)

Сынактын программасынын негизинде кыздар өз өнөрлөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүшүп, жыйынтыгында төмөндөгүдөй орундарга, номинацияларга ээ болушуп, грамоталар менен сыйланышты.  

1. 94 балл менен 1-орунга 11- “А” классынын окуучусу Ырысбаева Г. “Мектеп периси” номинациясына;

2. 92 балл менен 2-орунга 10- “А” классынын окуучусу Чыңгыз кызы Милана “Ажарлуу кыз” жана 10- “Б” классынын окуучусу Джаныбекова А. “Таланттуу кыз” номинацияларына;

3. 87 балл менен 3-орунга 11 -“Б” классынын окуучусу Сахматова М. “Жылдыздуу кыз” деген номинацияларына ээ болушту.

Шаардык сынакка катышууга 11- “А” классынын окуучусу Ырысбаева Г. жолдомо алды.

Маалымат берген: мектептин соцпедагогу: Айбекова А.А. тел.номер - 0778031495

  • 3 Кароолор