Декада

Декада

Жаш мугалимдер декадасында технология мугалими Мадемирова Айзирек 5"а"-классына технология сабагынан окуучуларга "Жер кыртышы" деген темада ачык сабакты көрсөтмөлүүлүк менен өттү. Багыт берүү менен окуучуларга кызыктуу суроолор аркылуу теманы ачып алды. Окуучулар улам кызыгуу менен тапшырмаларга жооп берип жатышты. Ыкчам текшерүүдө мугалим окуучуларды 2 топко бөлүп, ар бир топко ар кандай тапшырмаларды берди.
1-топ. Жер кыртышынын сүрөтүн тартуу.
2-топ. Жер-жемиштерди жана мөмө- жемиштерди экиге бөлүү.
Сабакты бышыктоо үчүн мугалим окуучуларды практикалык иш берип бышыктады. Практикалык ишинде мугалим банкага топуракты окуучуларга салдырып, жер кыртышынын моделин көрсөттү. Баалоого окуучуларга өзүлөрү майдаланган токоч жана таттуулардан жасалган десерттерди тапшырды. Сабакка катышкан ШБББ нүн башкы усулчусу Тилен Орозова сабакка анализ берип, эң мыкты сабак болду деп өз пикирин билдирди.
  • 1 Кароолор