24.01.25и күнү Токтогул атындагы №1ЖОББМнин "Жаш мугалимдер мектебинин" алдында түзүлгөн "Ийгилик келбейт, ийгиликке баруу керек"- деген долбоордун негизинде ЖРТга ийгиликтүү даярдануу максатында 10-"а","б", "в" класстарына англис тили мугалими Токтомамбетова Алтынай "Китеп окуудагы кемчиликтер жана аны түзөтүүнүн жолдору", кыргыз тили сабагынын мугалими Калыбекова Батма "Китеп окуганда негизгисин бөлүп алуу"- деген темаларда семинар өтүшүп, балдарга пайдалуу маалыматтарды беришти.Окуучулар практикалык иш, оюн аркылуу алган билимдерин бекемдеп, аны өз тажрыйбаларында колдоно алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
- 1 Кароолор