Декада

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билими берүү мектебинин тарых мугалими Мамышова Айжан Мукайылбековна 17-декабрь күнү жаш адистердин декадасында 5-"В" классынын окуучуларына "Хронология"деген темада ачык сабак өттү.
Сабакты окуучуларга жагымдуу маанай менен баштап, өтүлгөн теманы Slidesmania платформасы менен кайталоо жүргүздү.Кайталоодо окуучулардын билимдери жакшы экендиги тастыкталды.Слайд аркылуу темага багытталуучу суроолор берилип, теманын аталышы келип чыкты.Мугалим теманы окуучуларга түшүндүрүп. Бышыктоодо Learningapps, Slidesmania платформалары, пирамида куруу менен оюн аркылуу окуучулар берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарышты.Окуучулар сабакка активдүү,өз оюн толук айтышып,берилген тапшырманы чыгармачылык кызыгуу менен аткарып жатышты.
  • 1 Кароолор