Декада

Декада

Жаш мугалимдер декадасында башталгыч классынын мугалими Бакытбек кызы Мираида 4-“д” класска кыргыз тили сабагынан окуучуларга "Меймандостук" деген темада ачык сабак өттү. Окуучуларга жагымдуу жагдай түзүлдү. Сабактын башталышында өтүлгөн темаларды даярдалган тапшырмалар аркылуу кайталатты. Катылган суроолор аркылуу окуучуларга багыт берип, “Меймандостук” темасын ачып алды. Меймандостук кыргыз элинин эң негизги салттарынын бири экенин баса белгилеп, аны ар дайым урматтап, аткаруу керектигин баса белгиледи.Ал төмөнкү мисалдарды колдонду:
Кыргыз элинде меймандостуктун мааниси: "Конокту" Кудайдын коногу" деп эсептешкен."
Дасторкон кең жайылып, эң жакшы тамактар коюлган.
Конок келгенде элдин жүрүм-туруму жана мамилеси адамдын тарбиясын көрсөтөт.
Мугалим ошондой эле макал-лакаптар менен сабакты толуктады:
"Конок бар жерде береке бар."
"Конокту сыйлоо – кыргыздын салты."-деп теманы жеткиликтүү түшүндүрө алды.
Практикалык көнүгүү иштеринде, “Дасторкон” ырын окуучуларды хор менен ырдатты. Конокко барган кезде, эмне кылыш керек (кылбаш) керек деген көнүгүүдө чекиттердин ордуна -ыш мүчөсүн коюп окуучулар менен бирге иштеди.
Мугалим сабакты бышыктоо үчүн мугалим “plickers “ жасалма интелекттин пайдалануу менен тест иштеп, натыйжалуу жыйынтык ала алды. Окуучулар берилген тест аркылуу жооп беришти. Сабактын аягында мугалим окуучулардын жалпы аракетин баалап, алкоо сөздөрүн айтты:
Бакытбек кызы Мираиданын сабагы меймандостукту окуучуларга түшүндүрүүдө чоң натыйжа берди. Окуучулар бул салттын маанисин түшүнүп, аны өз жашоосунда кантип колдонуу керек экенин үйрөнүштү.
Сабакка катышкан ШБББнүн метод кабинетинин усулчусу Эгизбаева Үмүт Курмановна сабакка анализ берип, “эң мыкты” деген баа менен баалады
  • 1 Кароолор