Акыл таймаш

Токтогул атындагы №1 ЖОББ мектебинин математика мугалими Аскарбекова А.Т. 7-класстын окуучуларынын арасында “Жаратылыш математика тилинде жазылган” деген темада таймаш өткөрүштү. Таймашка ар бир 7- класстын окуучуларынан бештен жалпы класстан 20 окуучу катышты.
Таймаш 4 категориядан турду.
1. Команданын атын жактоо
2. ⁠Логикалык суроолор
3. ⁠Жашырылган сүйлөмдү табуу
4. ⁠ PISA маселерин чыгаруу.
Ар бир команда өзүлөрүн тааныштырып, атаандаштарына салам беришти.
Командаларга А3 форматында барактар берилип, жоопторун ошол баракка жазуулары айтылды. Ар бир команданын жоопторун башка команда текшерип баалап жатышты. Окуучулар тапшырмаларды эң жакшы деңгээлде аткарышып, жыйынтыгында
1-орунга 7 "Б" класс
2-орунга 7 "Г" класс
3-орунга 7 "А" класс
ээ болуп, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кадырова Жылдыскан Чокоевна тарабынан грамоталар менен сыйланышты.
  • 1 Кароолор