Спорт – ден соолуктун булагы

Спорт – ден соолуктун булагы

25.02.19-26.02.19. күнүТоктогул атындагы№1 мектеп – гимназиясында “Кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо максатында “Спорт – ден соолуктун булагы”, “Спорт –ийгиликтин, ынтымактын урааны” –деген  мектептин кубогуна ат салышуу болду.

Жалпы 8 команда катышты. Мектеп – гимназиясынын директору Кокоева Г.С. 3000 сом ( үч миң сом) өлчөмүндө үй- бүлөлүк каржысынан бөлүп берип, жеңген класстарга, активдүү ойногон окуучуларга грамоталар, медалдар алынды. Дене тарбия мугалими Эрнист уулу Айбат, информатика сабагынын мугалими Калпакбаев М.К. көзөмөлдөштү.

Баскетбол оюну боюнча 6-11- класстар арасында өткөрүлгөн мелдеште 1- орунду 9- классынын окуучулары, 2- орунду 8-“В” классынын окуучулары, 3- орунду 6-7- классынын окуучулары ээлешти.

Волейбол оюну боюнча мелдеште 1- орунду 6-7- классынын окуучулары, 2- орунду 11-“А” классынын окуучулары, ал эми 3- орунга 9- классынын окуучулары татыктуу болушту. 6-11- класстар арасында болгон мелдеште “Эң мыкты оюнчу” деп Уметов Марлен,”Эң мыкты коргоочу деп Алмазбек кызы Назимай,”Эң мыкты оюнчу” Асанкариев Байыш,” Эң мыкты чабуулчу” Амангелдиев Кайрат ,”Эң мыкты коргоочу” деп Кыйтуев Темирбек табылды.

Ал эми шаардык шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары 1-орунду алышты. Шахматтан 1-орунду ээлеген 9 “А” классынын окуучу Кадырова Алина жана тогуз коргоол оюну боюнча 1-орунду алган Төлөмырзаева Астра медалдар менен сыйланышты.

  • 3 Кароолор