Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика мугалими STEM мугалим конкурсунун катышуучусу Масилбек кызы Кайыргүл. Конкурстун 2-тапшырмасы боюнча 6-декабрда "Нерселердин электрлениши. Электр зарядды" деген темада ачык сабак өттү. Сабакты 5Е моделинде өттү, үй тапшырмасына берилген маселени текшерип бүтүп, окуучулардан кийимиңерди чечкенде же чачыңарды тараганда, машинадан түшкөндө кандай кубулушту байкайсыңар? - деген кызыктуу суроолор менен сабагын баштады. Окуучулар колдорундагы шарларды кийимдерине, чачтарына сүртүп кагаздын майда таарындыларын шарга жакындатуу менен нерселердин электрленишин байкашты. Мугалим окуучуларга электр заряддары жөнүндө маалымат берип жатып, электр өткөргүчтөрүн баса белгилеп аны электрофор машинасы менен түшундүрдү. Алган маалыматтарын электрофор машинасы, электроскоп, жана Санарип Кампадагы атомдун түзүлүшү деген оюн аркылуу өздөштүрүштү. Сабакты https://multiurok.ru/tests/fizika-486.html ушул ссылкадагы тестти иштөө менен бышыкташты. Сабактын жүрүшундө жооп берген ар бир окуучуга стикерлер таркатылып турду, тесттин жыйынтыгы кошулуп бааланды. Ошентип сабак ийгиликтүү аяктады.
- 1 Кароолор