Токтогул атындагы ✓1 жалпы орто билим берүү мектебинин 2-б классынын класс жетекчиси Майнаева Насият “ Сасык тумоо жана сарык оорусунун алдын алуу “ деген темада окуучуларына класстык саат өттү. Оорунун белгилери чыйрыгуу,алсыздануу,көздүн караңгылашы,баш ооруу,жөтөл,тамак оорушу ыктымалдуулугу түшүндүрүлдү.Сактануу жолдору айтылды.
Сарык оорусунун алдын алуу эрежелерин билишти.
1.Өздүк гигиена
2.Кайнатылган суу ичүү.
3.Таза даярдалган жайлардан тамактануу.
4.Жер- жемишти жууп жеш керек.
5.Тамак ичердин алдында, колду самындап жуу.
6.Эшиктен ойноп келгенде, колду самындап жуу.
Балдар ооруган мезгилде ата- энелердин өз алдынча дарылоосу эмес, дароо дарыгерге кайрылуу керек экендиги эскертилди.
- 1 Кароолор