Улуттук нарк

Улуттук нарк

Токтогул атындагы №1жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери Кудайбердиева С, Исмаилова Д 11-А,Б класстарына "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" деген темада класстык саат өтүлдү. Бул сабакта Мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн, түндүгүн көтөргөн тарыхый инсандардын жасаган зор эмгектери эскерилди."Мамлекеттүүлүк" демекчи,быйыл элибиздин туруктуу аймактык,экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракени мамлекеттик деңгээлде белгиленгени жөнүндө маалыматтарды берди. Ошондой эле А.Сыдыков, И.Айдарбеков,А.Орозбеков,Т.Айтматов сыяктуу инсандарыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызмат кылуу менен, мамлекетибиздин түптөлүп негизделишине салым кошуп,кыргыз улутунун гүлдөп, өнүгүшү жана келечек муун үчүн өздөрүнүн өмүрүн арнашканын эч качан унутпайбыз жана буларга таазим айтуу менен сабак жыйынтыкталды.

  • 1 Кароолор