Улуттук нарк

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 1-класстарынын арасында Кыргыз Республикасынын Гимнин ырдоо сынагы өтүп, класс жетекчилер окуучулар менен биргеликте активдүү катышышты. Сынактын максаты окуучулар Кыргыз Республикасынын символдорун билүү, анын ичинен гимнди так өз деңгээлине жеткирип туура ырдоо, мекенине деген сүйүүсүн өркүндөтүү, мекенчилдикке тарбиялоо болуп эсептелмекчи. Окуучулар бир дем менен гимнди мугалимдердин коштоосунда мыкты аткарышты. Кыргыз эли-жеринин керегине жараган чыгаан уул-кыздардан болушуна биз да тилектешпиз.

  • 1 Кароолор