Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын алтынчы класстар арасында математикадан олимпиаданын (АКМО)ШБББ өткөргөн 0-1-турунун жыйынтыгы боюнча маалымат.

2018-2019-окуу жылында 6- класстын математикадан олимпиадасына даярдоо максатында логикалык ой жүгүртүүгө арналган мисал, маселелерди чыгартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Математика мугалими Чыналиева Э. 2017-ж. 5-класстар үчүн математикадан “Жумушчу дептер” түзгөн. Ал дептерде негизинен АКМОдо , ЖРТдө берилүүчү мисалдарынын топтомдору бар. Жумушчу дептер менен 3 жылдан бери иштеп келе жатат. Быйылкы 2018-2019-окуу жылында Чыналиева Элнура Күчүковнанын сунушу боюнча ШБББнүн тарабынан уюштурулган АКМОнун 0-туру шаарда Фрунзе атындагы №3 мектепте болуп өттү. Ал тестке шаардан 85 окуучу катышты. Биздин мектептен 25 окуучу катышып, алардын ичинен 21 окуучу жакшы жыйынтыкка ээ болушуп, 1-турга өтүштү. Тургунбекова Даткайым 39 б., Суранбаева Аяна 30 б., Кеңешова Нургиза 29 б., Шукуралиева Саадат29 б., Аскарова Айгүл 28 б., Насиров Тимурлан 28 б., Бекмуратов Нуралы 27 б., Ташболотов Жолдош 23 б., Жетешикова Айганыш 22 б., Бекенова Айдай 20 б., Юнусов Бектенаалы 19 б., Маратов Темир 18 б., Тажибаева Айтурган 17 б., Бакболуев Торогелди 15 б., Жийдалиева Элгиза 14 б., Салаев Байкөл 14 б., Курсантбекова Айзирек14 б, Исаков Баястан 14 б, Акматова Медина 13 б, Масалбеков Алмаз 13 б, Шаилдаев Кубаныч 13 балл алышты.

2019-жылдын 2-мартында Ч.Тулөбердиев атындагы №2 инновациялык мектепте АКМОнын шаардык 1-туру болду. Шаар боюнча жалпы 45 окуучу катышты.Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынан 1-2-3- орундарга төмөнкү 11 окуучу ээ болушуп, областтык туруна катышууга жолдомо алышты.

Аскарова Айгүл 22 б., Акматова Медина 21 б., Бекенова Айдай 21 б., Насиров Тимурлан 21 б., Суранбаева Аяна21 б.,Тажибаева Айтурган 21 б., Тургунбекова Даткайым 21 б., Бекмуратов Нуралы 20 б., Жетешикова Айганыш 20 б., Шукуралиева Саадат 20 б., Юнусов Бектенаалы 20 балл топтошту.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси тарабынан 1-2-3 орунду ээлеген окуучуларга грамоталар тапшырылды.

 

  • 3 Кароолор