Математика бир айлыгынын алкагында Токтогул атындагы №1ЖОББМнин математика мугалими Айбекова Акжибек Айбековна 5- “Д” классына математика сабагынан 5Е модели боюнча “Куб. Кубдун бетинин аянты. Кубдун көлөмү” деген темада ачык сабак өттү. Окуучуларды 4 топко бөлүп, эң жакшы сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө балдарга жагымдуу маанай менен каалоо айтып, Jeopardy платформасы менен өтүлгөн темаларды кайталады. Балдарга кубдун жайылыш кагазын топторго таратып, бириктирүү тапшырмасы берилди. Балдар куб экенин билишип, канча чокусу, граны, кыры бар экендиги санап, аянтын табууну өздөрү таап теманы түшүнүштү. Берилген маселе, мисалдарды туура, так аткарышып, активдүү катышышты. Ар түрдүү ыкмалар менен окуучулар изилдеп, өздөрүнүн ойлорун толук айтып , түрдүү жолдор менен биргелешип иштеп жатышты. Топтолгон упайлары менен жыйынтыгында
1-орун 2-топ
2-орун 3-топ
3-орун 1-топ
4-орун 4-топ
Ар бир окуучунун сабакты кандай түшүнгөндүгү боюнча Results - Kahoot! Менен иштешип бардыгын туура жооп берген 22 окуучу, орто жооп берген 2 окуучу болду.
- 1 Кароолор