Математика предметинин бир айлыгынын алкагында,
Токтогул атындагы №1 ЖОББ мектебинин математика мугалими Аскарбекова А.Т. 29-январь күнү 6-“А” классына “Бөлүмдөрү бирдей бөлчөктөрдү салыштыруу” деген темада ачык сабак өттү. Сабак 5Е модели менен түзүлүп, окуучулар 4 топко бөлүнүшүп, ар бир тапшырманы топ менен иштеп, өздөрү чыгарган тапшырмаларын доскадан презентациялап турушту.
Сабак окуучуларга нейрогимнастика жасатуу менен башталды.
“Фигуранын боёлгон бөлүгүн бөлчөк түрүндө атагыла” деген тапшырма берилип, окуучулар бул тапшырманы аткарып жатып, жаңы теманын эрежесин 2 вариантта өздөрү изилдеп табышты. Табылган эрежелер менен ар түрдүү, эсептерди, жашоо менен байланышкан маселелерди чыгарышты.
Сабактын аягында окуучулар сабакты түшүнгөндүгүн баалаш үчүн «Socrative” платформасында атайын түзүлгөн тести иштешип,
14 окуучу 100%
8 окуучу 80%
3 окуучу 60% жыйынтык көргөзүштү. Бул сабакта мугалим жөн гана багыттоочу суроолорду сурап турду, дээрлик бардык тапшырмаларды окуучулар өздөрү изилдеп, топ менен иштешип, түшүнбөгөн классташтарына түшүндүрүп мыкты сабакка катышышты
- 1 Кароолор