Декада

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинде 29-январь күнү математика предметинин бир айлыгынын алкагында “Pisa компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый-илимий математикалык сабаттуулугун жогорулатуу” деген темадагы курстагы алган ыкмаларды пайдалануу менен математика мугалими Чыналиева Э.К 9-“А” класстын окуучуларына “Геометриялык прогрессиянын касиеттери” деген темада 5E модели - бул окуучуларга билимди натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берүүчү заманбап окутуу ыкмасына карата ачык сабак өтүлдү. Окуучулар алдын ала 4 топко бөлүнүп, “Геометриялык, арифметикалык прогрессиянын турмушта колдонулушу” деген темада турмушта колдонулган кыргыздын кээ бир курактарынын куралышын, тепкичти, ар кандай диаграмманы, аралыктарды колдонуу менен тапшырманы эң жогорку денгээлде аткарып келишип, презентациялоо менен кызыктуу сабак башталды. Окуучулардын фигураларды тандоо менен бирге “Айлана, квадрат, тик бурчтук, үч бурчтук” деген аталышта топтор түзүлүп, аларды жактырган адамдарга мүнөздөмө берилди. Окуучуларга темага байланыштуу мурунку билимдерин текшерүү аркылуу турмуштан алынган ар кандай сүрөттөр көрсөтүлүп, кандай прогрессия экендигин аныкташып, жаңы темага байланышкан тапшырмалардын негизинде окуучулар өздөрүнүн ойлорун эрежелерин, мисалдарын көрсөтүп топторго түшүндүрмө бере алышты. Мугалим окуучулардын тапкан жыйынтыктарын илимий түшүнүктөр менен байланыштырып, негизги касиеттерин айтып берди. Темага байланышкан “Шахматтын үстүндө шариктер” тапшырмасын видео аркылуу окуучулар көрүшүп, геометриялык прогрессиянын касиетти боюнча аткарышты. Сабактын аягында окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн текшерүү үчүн “ZipGrade” тести аркылуу топтордун жыйынтыгы 90%, 75%, 75%, 80% түздү. Окуучулар берилген ар бир тапшырмага кызыгуу менен так туура чечим кабыл алып жооп берип, презентациялап жатышты. Жыйынтыгында топтордун аракеттерине, билимдерине карата “Креативдүү чечим ээлери”, “Илим изилдөөчү”, “Кызматташтык”, “Логика мастерлери” деген номинациялар ыйгарылды.

  • 1 Кароолор