Тарбиялык  иштер

Тарбиялык иштер

Токтогул атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектебинин 3 а- классында "Узак таарынуунун зыяны" деген темада тарбиялык саат өтүлдү.
Мугалим сабактын темасын тааныштырып, ("Эмне үчүн адамдар таарынышат?")деген суроого өз ойлорун бөлүштү.
"Кечиримдүүлүк жана позитивдүү ой жүгүртүү" боюнча тапшырмалар берилди.Окуучулардын
сабактан алган таасирлери жөнүндө пикирлер алынды. Окуучулар сабакка активдүү катышып,өз ойлорун ортого салышты .
Окуучулар таарынычты туура жол менен чечүүнүн жолдорун үйрөнүштү.
Бул тарбиялык саат окуучулардын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүүгө жана коомдук жашоодо түшүнүүчүлүктү жогорулатууга өбөлгө түздү.
Маалымат берген мугалими Эгизбаева Ү.К
  • 1 Кароолор