Улуттук нарк

Токтогул атындагы ✓1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3 - б классынын класс жетекчиси Арыкбаева Шарипа 3- б классы менен Токтогул атындагы тарыхый - этнографиялык аймак таануу музейине саякатка барышты.
Музейдин жетекчиси Кыдырмаева Айгүл эжеке окуучуларга музейдин жасалгалары менен кенен тааныштырып өттү.
Токтогул Сатылгановдун сүрөтү менен тааныштырды. Боз үйдүн тарыхына кайрылды.
Кыргыздын улуттук кийимдери чепкен, калпак, чыптама, белдемчи, тебетей, элечек тууралуу айтылып, кандай тигилип, кимдер кийери түшүндүрүлдү.
Окуучулар улуттук буюм тайымдар менен таанышышты.
Камчы, орок, туткуч, куржун, кумган буюмдары кандай колдонулаары айтылды. Музейдин ичиндеги баардык көргөзмөлөргө токтолуп, түшүндүрмө берилип, окуучулар менен кайтарым байланыш түзүлдү.
  • 1 Кароолор