Жалпы республикалык тестирлөө

Жалпы республикалык тестирлөө

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинде өндүрүштүк чогулушта кыргыз тили жана адабияты мугалими Назаралиева Ш.С “Жалпы республикалык тестирлөөгө натыйжалуу даярдануу ыкмалары” деген темада доклад окуду. Жалпы республикалык тестке даярданууда окуучуларга жана даярдаган мугалимдерге үзгүлтүксүз эмгек, туура стратегия жана сабырдуулук талап кылынары айтылды. Кыргыз тили боюнча тест өзгөчө тилдик компетенцияны, текстти түшүнүү жөндөмүн жана грамматикалык билими баалана тургандыгы жана даярдануу убагында төмөндөгүдөй темага бөлүп алуу керектиги баса белгиленди. Даярданууну туура пландаштыруу Темаларды бөлүштүрүү Күчтүү жана алсыз жактарды аныктоо Каталарды анализдөө Окуу жана эс алуу балансын сактоо Бул темалар даярдануунун негизги өзөгүн түзүп, натыйжалуу жыйынтык берет. Андан кийин кийин кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова А.С окшоштуктар боюнча тест иштетип, кызуугуну артырды.Ал эми математика мугалими Чыналиева Э. К. математика сабагынан “Жогорку республикалык тестирлөөгө” даярдоо боюнча маалымат берип, окуучуларга бериле турган ар бир бөлүктүн тапшырмаларын слайд аркылуу көрсөтүп, мугалимдерге практикалык иште “ZipGrade” тест аркылуу баалоо жүргүздү. Окуучуларды республикалык тестирлөөгө даярдоонун толук ыкмалары боюнча айтып өттү.

  • 1 Кароолор