Токтогул атындагы №1 билим берүү орто мектебинин 3- а классына математика предметинен "Көбөйтүүнү бөлүү амалы менен текшерүү" деген темада сабак өтүлдү.
Сабак ийгиликтүү өтүп, окуучулар көбөйтүү амалын чыгарууну жана текшерүүнү үйрөнүштү. Теманы түшүндүрүүдө практикалык иштер, оюн элементтери жана көргөзмөлүү усулдар колдонулду. Окуучулар активдүү катышып, кызыгуу менен жооп беришти. Сабакта топтук иштөө жана кошумча жеңил көнүгүүлөрдү көбөйтүү болду. Ар кандай логикалык суроолорго жооп берип, маселелерди схема, таблица түрүндө чыгарышты.Жалпы жыйынтык: сабак максатына жетти. Маалымат жазган мугалими Эгизбаева Ү.К.
- 1 Кароолор