Токтогул атындыгы √1 жалпы билим беруу мектебинин 1-б классынын класс жетекчиси Мусаева Гульзат Эркиновна классына " Тарбия башаты уй бүлөдөн башталат " деген темада класстык саат өттү. Үй -бүлөдөгү баалуулуктар ,ата - эненин ак эмгеги ,баланын тарбиясы жөнүндө аңгемелешүү болду.Жакшы ата ,жакшы эне кайдан чыгат ?Азыркы жакшы үлгүлүү жүрүм- турумдагы балдар келечектеги ата - энелер болору айтылды."Адам бол" деген бийик талапты ар бир ата - эне бала сөзгө түшүнө баштагандан бери кулагына куюп,жан дүйнөсүнө синире баштайт."Канткенде адам уулу адам болот" деп Ч Айтматов айткандай арыбас ой- санаанын учугун табуу,аны жүзөгө ашырууга байланышкан улуу максат,умтулууларга негизделген класстык саатыбызды адамдагы жакшы жорук жана жаман жоруктарды таанытуу менен аягына чыктык.Элдик тарбиянын эрежелери,жол жоболорун азыраак болсо да билишти ,өз ойлорун айтышты Кичиненде сергек ,сезимтал болсон,чоңойгондо баамчыл,тырышчаак,мээнеткеч,акылман адам болот деген пикирлерге окуучулар ынанышты
- 1 Кароолор