Ден-соолук

Ден-соолук

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3-в классынын класс жетекчиси Кубанычбек кызы Айпери 3-в классынын окуучуларына "Кургак учук оорусу" тууралуу маалымат берди. Окуучулар маалыматта айтылган оорунун белгилери, жугуу жолдору, ооруга чалдыккан адамга кандай кам көрүү керектиги, кандай текшерүүлөрдөн өтүү керектиги жана башка керектүү маалыматтар жөнүндө кененирээк түшүнүк алышты. Аты аталган оору тууралуу жат жазуу жазышты. Ооруп калуудан мурда алдын алуу жакшы экендигин айтышып, билгендери тууралуу ой бөлүшүштү.

  • 1 Кароолор