Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 6-7-8-9-10-11- классынын окуучуларына зордук-зомбулукка, өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктуулуктун алдын алуу жана мектеп рекетчилигине каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча
Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги С.А. Абышев ,милициянын подполковниги Т.К. Сабырбеков, ЖЖЭИнин улук аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Талантбек уулу Бакыт , МАЫОнун милициянын лейтенанты Актан Уланов, шаардык кеңештин депутаттары Э.А. Базарбаев, Б.У. Турсунбаев, Ж.Ы. Молдокев, Кара-Көл ШБББнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира , шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Б Абдалиева катышкан чогулуш болуп, “Кылмыш деген эмне?” жана ал эмнеге алып барары, өспүрүмдөр арасында болуп жаткан топтошуп мушташуулар, көчөгө кечинде чыкпоо, уурулук жасабоо, опузалап акча талап кылуу, жалган маалыматтарды таратуу жана мыйзамдарда каралган жоопкерчилик боюнча кеңири эскертилип өттү.
ШИИБдин милициянын подполковниги Т.К Сабырбеков окуучуларга кайрылып, кылмыштуулуктун алдын алуу,зордук-зомбулукту болтурбоо,психотроптук заттардын зыяндуулугун , мектеп ичинде жүрүм-турумдарын оңдоо, аны менен катар эле мектеп рэкетчилигине жол бербөө жана мектеп ичинде бири-бирине басым жасоо, бири-бирин уруп-сабоо, пикир келишпестиктерди болтурбоо тууралуу да эскертип өттү.Телефондун зыяндуу жактарын айтып, керектүү маалыматтарды алууга чакырды.Жашы жете электер менен иштөө боюнча кызматкерлерге атайын тапшырмаларды берип өттү.
Шаардык кеңештин депутаттары Б.У. Турсунбаев, Ж.Ы. Молдокеев сөз сүйлөп ,окуучуларга мектеп эрежелерин сактоону, мугалимдерди сыйлоо жана жакшы окуу, жакшы жүрүм-турум аларды ийгиликке жеткирерин айтып,бош убакытында көчөгө чыкпастан эркек балдарды спорт менен машыгууга үндөп кетишти.Кыздарга атайын
, Кара-Көл ШБББнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира , шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Б. Абдалиева кайрылуу жасап, алардын жүрүм-туруму, коомдогу орду, эртеңки эне болору, коомдо , мектепте өздөрүн татыктуу алып жүрүү керектиги баса белгиленип, ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн ЖЖЭИнин аймактык тескөөчүсү милициянын улук лейтенанты Ж.Маматова жана милициянын лейтенанты А.Бакирова сөз сүйлөп , жашы жете элек кыздар арасында ар түрдүү одоно тартип бузуулардын катталып жаткандыгын, интернет желесиндеги басмырлоо, зомбулуктун болуп жаткандыгын айтып,жакшы жүрүм-турумга үндөштү
- 1 Кароолор