PISA

СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ -5Е МОДЕЛИНДЕ
"PISA компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый илимий сабаттуулугун жогорулатуу" аталыштагы РИПКК нын квалификацияны жогорулатуу курсу болуп жатат. Курстан алынган билимди тажрыйба менен айкалыштыруу аракетинде №1 Токтогул атындагы ЖОББМ мугалимдери Тагаева Фаризат 9 "А"классында,, Мамаева Н. 10 "В'" классында "Тамеки чегүү ' деген темада "Сергек жашоо образы" тематикалык багытынын алкагында класстык саат өтүштү. Класстык саат 5 Е моделинин элементтеринин негизинде өтүлдү. Окуучулар тема боюнча топторго бөлүнүп, изилдөө жүргүзүшуп, презентация жасашты. Тамеки чегүүнү жеке , жергиликтүү жана глобалдуу деңгээлде иликтеп жыйынтыктап, чечимдерди чыгарышты. Мугалим багыт берүү менен теманы жалпылап, класстык саат өз максатына жетти.
  • 1 Кароолор