Токтогул атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектебинин 3а,3б,3в,3г,3д - класстардын класс жетекчи мугалимдери окуучуларга "Улуттук оюндар – ата-бабалар мурасы" аттуу тарбиялык саат өтүштү. Иш-чаранын негизги максаты –окуучуларга кыргыз элинин улуттук оюндарын таанытуу, алардын тарбиялык маанисин түшүндүрүү жана окуучуларды активдүү катышууга шыктандыруу болду.
Тарбиялык саатта улуттук оюндардын тарыхы жана мааниси жөнүндө маалымат берип, "Ордо", "Тогуз коргоол", "Чүкө", "Аркан тартыш", "Топ таш", сыяктуу оюндардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүштү .Андан соң окуучулар айрым оюндарды ойноп, улуттук тамак-аштардан даам сызышты.Окуучулардын кыргыз элинин улуттук баалуулуктарды сактоо маанилүү экендигин билишти. Маалымат жазган ШБББ нүн методисти Эгизбаева Ү.К.
- 1 Кароолор