“Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” семинар- тренинг
Жалал – Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясында мектептер арасында “Кылмыштуулуктун алдын алуу” максатында ШБББ, ЖДПБу ,ШИИБ, Кара – Көл шаардык УКМК кызматкерлери, Кара – Көл шаардык прокуратурасы менен биргелешкен иш пландын негизинде “Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” -деген семинар- тренинг өткөрүлдү. Семинар -тренингди Токтогул атындагы № 1 мектеп – гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу Тагаева Р.А., соцпедагог Айбекова А.А. алып барды. “Адепсиздик” дегегн эмне? “Кылмыштуулук” деп эмнени айтабыз деген суроолорго окуучулар жооп беришип, кылмыштын арты жаза болорун түшүнүштү. Окуучулар кылмыштуулуктун келип чыгуу себептерине токтолушту. Чындыгында , үй- бүлөдөгу тарбиянын жетишсиздиги , көр оокаттын айынан чет өлкөлөргө чейин акча табуу максатында ата- энесинин баласынын жүрүм- турумун көзөмөлдөй албагандыгы, мектепте рэкет бар экендигин билип турушса да элге таралып кетүүдөн коркуу кылмыштуулуктун өсүшүнө көмөк көрсөтөрүн айтышты.
Окуучулардын үй- бүлөлөрүнүн социалдык абалынын ар түрдүүлүгү да таасир этет.
Бош убактыларын туура пайдаланууну билбегендиги, криминалдык чөйрөнүн таасири , балдардын өз укуктарын коргоо механизмдерин билбегендиги, оюн – зоок мекемелеринин көптүгү да кылмыштуулуктун өсүшүнө бирден бир кедергисин тийгизе тургандыгын окуучулар аткарган сценкалардан көрүштү. 6-“В” классынын окуучулары “Биз рекетчиликке каршыбыз!”- деген темадагы ыр саптарын айтышып, 10-“Б” классынын окуучусу Талантбек уулу Нурсултан “Кыргызстан” деген ырды окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо максатында жалпы окуучулардын коштоосунда ырдалды Кара – Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖЖӨИИ Мурзабеков С. “Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча” сөз сүйлөп ,жаңы мыйзамдар боюнча видео көрсөттү. “Жашоодо ар кандай жагымдуу,кээде жагымсыз учурлар кездешерин, ошол жагымсыз учурлар азыраак кездешүүсү үчүн эмне кылуу керек? Бардыгы өтө жөнөкөй. Милициянын кеңешин угуп өзүңөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугун камсыздай аласыздар” деди жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясынын инспектору .
Мектепте же коомдо кылмыштуулукту кантип жоё алабыз? Кылмыштуулуктун кесепеттери эмнеге алып келет?Өспүрүм курактын көйгөйлөрү?деген суроогоинформатика сабагынын мугалими Калпакбаев М.К. жооп берди.Мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Тагаева Р.А. кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча окуучуларга төмөндөгүлөрдү айтып өттү: “Девианттуу жүрүм-турум жогоруда эскертилгендей, коомдогу моралдык жана укуктук ченемдерге туура келбеген, коомго жат кыймыл-аракеттерди жасаган күнөөкөрдү коомдон оолактатууга, дарылоого, түзөтүүгө же жазалоого жиберүүгө мажбурлаган иш-аракети. Девианттуу жүрүм-турумдун негизги белигелри: кылмыш, аркечтик, баңгилик, суицид (өзүн-өзү кол салуу), акчага денесин сатуу, сексуалдык девиация.
Кылмышка барууга көнүмүш катары калыптанып келе жаткан, же калыптанып калаган коомго жат деванттуу жүрүм-турум түрткү болот, россиялык психолог С.Л.Сибиряков өзүнүн изилдөөлөрүнө таянып: “Коомго жат жүрүм-турумдун негизи он төрт жаштан башталышы ыктымал” дейт. Деваинттуу жүрүм-турум жашы жете элек кылмышкердин өмүр баянын ретроспективдүү изилдөөлөр көрсөткөндөй, окуучулардын көпчүлүгүндө биринчи класстан башталат.
Деликвенттик жүрүм – турум- бул ар түрдүү кылмыш, коомдук жүрүм- турумдун ченемин бузуу, күнөөгө батуу эсептелет. Криминалдык кылмыштын делинквенттик жүрүм- турум укук бузуунун анчалык оор мүнөздө эмес экендиги менен ,кээде гана кылмыш жазасы колдонулары менен айырмаланат. Бул жүрүм- турум сабактан качып кетүүдөн башталып, кийин мушташуу, хулигандык кылуу, өзүнөн кичүү балдардын же чабалыраак теңтуштарынын акча- тыйындарын, буюмун тартып алуу ,велосипедди, мотоциклди,же машинаны ойноп көңүл ачуу үчүн айдап качуу ,тилемчилик кылуу, майда уурулук кылууга жетет. Кароосуздук , үй- бүлөнүн балага көңүл бөлбөөсү бул өспүрүм курактагы баланын делинквенттик жүрүм – турумунун өзөгү.” деди баяндамасында . Кыргыз тили жана адабияты мугалими Ташбаева М тарабынан даярдалган 8-10- класстарынын окуучуларынын катышуусундагы “Жаркын келечек үчүн!”- деген сценка аткарылды. Балдарга карата жасалган эч бир зомбулук акталбайт, жана бардык зомбулуктун
алдын алууга болот.А бирок бүткүл дүйнөдөгү балдар үй-бүлөдө, жергиликтүү коомчу-
лукта жана билим берүү мекемелеринде , кылмыш чөйрөсү тарабынан да зомбулукка кабылышат. Семинар тренингдин соңунда 9-11-классынын окуучулары “Доочу” оюнун ойношту.
Зордук- зомбулукту алдын алуу, суицид , диний экстремизмди алдын алуу боюнча Кара – Көл шаарынын УКМК кызматкери Алышбаев Руслан түшүндүрмө берди.
Кара – Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун врачы Эсенгулова А “Көз карандылыкка алып келген психоактивдүү заттар”, жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду. Өспүрүмдөр желим, ацетон, күйүүчү май жытташат. Өспүрүмдөр арасында ушул психоактивдүү заттар популярдуу болуп кеткендиги эскертилди. Ошондуктан балдарды ар дайым көзөмөлдөө зарылдыгы баса белгиленди. Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Маманов Мырзабек Мойдунович “Тамеки чегүүнүн зыяндуулугу,”Кургак учук” боюнча окуучуларга маалымат берди.
Кара- Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматтар боюнча орун басары Боронбаев Оморбек Тургунович окуучуларды кылмыштуулуктан алыс болууга чакырды. Ал эми ШБББнүн башчысы Мырзалиева А.Б. улуу адамыбыз И.Раззаков айткандай “ Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деп окуучуларды жаркын келечекке үндөдү.
Семинар тренингдин соңунда, балдар ачылып турган гүлгө салыштырылып , элдин баарын суктандырып, көргөн сайын көңүлү ачылган гүлгө адептүү, кылмыш чөйрөсүнө барбаган, ден соолугу чың, акылдуу, билимдүү баланын ойлорун чагылдырган ураандарды, семинар жөнүндө ой- пикирлерин жазышты. Ал эми куурап таштандыга айланган гүлгө- кылмышкер, адепсиз баланы элестетип, “Адепсиздик-кылмыш, кылмыштын акыры-жаза” болорун түшүнүшүп, соолуган гүл тартылган плакатты айрып таштандыга ташташты. Семинарга катышкан окуучулар менен бирге “Биз кылмыштуулукка каршыбыз!” деген ураандын астында семинар – тренинг жыйынтыкталды.
- 3 Кароолор