Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин 8-а классы кыргыз адабияты сабагынан үчилтикти жалпылап, “ Манас таануу” сынагын өткөрүштү. Мурунку айлампада 1-орун алган топтор ат салышышты. “Мурас” , “ Эр Манас” ,
“ Айкөл Манас” топтору алгач саламдашып, аттарын жакташты. Андан соң
сыр куржун,
топ башчыларына суроо,
топтордун бири-бирине суроосу,
“Манас” эпосунан суроолор берилип, топтор өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көргөзө алышты. Калыстар тобунун төрайымы окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кадырова Жылдыз Чокоевна, кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадырова Айниза Сонунбековна окуучулардын упайларын эсептеп, жыйынтыгында “Эр Манас” тобу 1-орун, “Айкөл Манас” тобу 2-орун, “Мурас” тобу 3-орунга ээ болгонун айтып, окууларына ийгилик каалады.
- 1 Кароолор