Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими Токтомамбетова Алтынай (31.01.2025-ж.) "Кыргыз элинин каада-салттары" деген темада 9-в классына класстык саат өттү. Сабакта кыргыз элинин каада салттары видео аркылуу көргөзүлүп, талкууланды. Окуучулар кыргыз элинин каада салтынын маанисин түшүнүп, ар бир инсандын турмушунда адеп-ахлактык негиздерине көнүл бурушту. Кыргыз элинин улуттук маданиятынын өзөгү- каада-салтында экенин аңдай алышты. Окуучулар келечек муунга ата-бабаларыбыздын каада- салттарын билип, үйрөнүп жана үйрөтүү милдетин аркалоо зарылдыгын түшүнүштү.
- 1 Кароолор