Билим кербени" Кара-Көлдө

Билим кербени" Кара-Көлдө

"Билим кербени" Кара-Көлдө

Кара-Көлдө Кыргыз билим берүү академиясынын демилгеси менен "Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, окуу программалары жана компетенттүүлүктөр" - деген темадагы семинар

Жалал – Абад областынын Кара – Көл ШБББнүн жалпы мектептеринин мугалимдери 24.04.19 күнү Ч. Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүүчү инновациялык мектепке барып, өз билимдерин өркүндөтүп келишти. Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Токтомамбетов Алмазбек Даткабековичтин жетектөөсүндө 14 адамдан турган илимий кызматкерлер келип, усулдук жардам берилди.

“Билим деген бүт дүйнөгө элчи экен,

Бүт ааламга зор пайдасын берчү экен.

Билим деген акыл – ойду өрчүтүп,

Бул жашоодо түгөнбөгөн кенч экен”- дегендей мектептердин мугалимдери өз билимин өркүндөтүү үчүн пленардык отурум болуп,андан соң 12 секцияга бөлүнүп, билим берүү стандарты боюнча ар бир секция кеңири маалымат алышты. Кыргыз тили жана адабияты секциясында Асанакунов Такабай агай кыргыз тили секциясында мугалимдердин иш практикасында көп учурда алар сабакка даярданууну адегенде сабактын максатын аныктап албай туруп эле сабак өтүү , анын структурасы же анда колдонулуучу методикалык ыкмалар жөнүндө кантип ойлонууга болот? деген суроо менен жалпы тилчилерге кайрылып интерактивдүү ыкма аркылуу мугалимдердин өздөрү суроого жооп табышты. Эгерде мугалим сабактын максатын жана милдетин даана түшүнүп билсе, анда ал эч бир кыйынчылыкка , татаалдыкка карабастан сабакты өткөрүүгө ынтызар болуп, окуучулардын билим алуусуна шык, жөндөм пайда болоруна өбөлгө түзөт. Албетте, окуучулар сабакта ката кетирет. Ал эми окуучунун катасы, ийгиликке жасаган кадамы. Ошондуктан окуучунун жообуна ыраазычылык билдирүү жагы эскертилди. “ Улуу орус педагогу К.Д. Ушинский айткандай ”Эгерде педагогика адамды бардык жактан тарбиялагысы келсе, анда ал баарынан мурда анын өзүн да бардык жактан үйрөнүп билүүгө тийиш” экендиги усулдук жактан эскертилди. “ Билим сапаты- мугалимдердин деңгээлинен жогору чыга албайт” деген оюн айтты. Ошондуктан билимдердин түйүндөрү бардык окуучулар тарабынан сөзсүз өздөштүрүлүүгө тийиш. Кара – Көл шаарына келген “Билим кербени” жалпы мугалимдерге окуучуларга билим берүүдө мугалимдер үчүн жаңы инновациялык ыкма менен окутууга өзгөчө шык берди.

  • 3 Кароолор