Ден-соолук

Ден-соолук

Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Мырзалиева Эльвира 9-Г классына "Кызамык оорусу жана аны алдын алуу "деген темада класстык саат өтүлдү.Окуучуларга кызамык оорусунун белгилери жана аны алдын алуу жолдору тууралуу маалымат берилди.Кызамык бул вирус аркылуу жугуучу оорунун бир түрү.Бул оору адамдан адамга өтөт.Кызамыкты алдын алуу үчүн эмдөө эң жакшы ыкма болуп саналат.
1.Кызамык оорусунун белгилери:
Жогорку температура.
Кызыл тактар,көздүн кызарышы.
Жөтөл жана тамактын оорушу.
2.Кызамыкты алдын алуу:
Эмдөө-эн жакшы жол.
Колду жуу,оорулуу адамдар менен байланышта болбоо.
Гигиенаны сактоо
Кызамыктын жугуу жолдору:
Кызамык вирусу аба аркылуу жугат, бул катуу жөтөлүү же жөтөлгөн адамдардын деми аркылуу өтө.
Окуучуларга кызамык оорусун алдын алуу эрежелерин бекемдеп, үйдө да эмдөөнүн маанисин талкуулоо керектиги айтылды.
  • 1 Кароолор