Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар

Токтогул атындагы №1 ЖОББМнин тарых сабагынын мугалимдери Батыркулова Ж.Д менен Мамышова А.М 7-"В"; 7-"Г" класстарына "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" деген темада семинар өтүштү. Семинарда 1918-ж.апрелде Автономиялуу Түркстан Республикасы түзүлүп, кыргыздар Түркстан АССРнин Жети-Суу, Сыр-дарыя, Фергана жана Самарканд облустарынын курамында болуп, дагы эле бытыранды бойдон калганы.
Абдыкерим Сыдыков 1922-ж. март айында Тоолуу кыргыз облусун түзүү боюнча маселе көтөрүп чыкканы. Себеби 1920-ж. 25-августта Кыргыз (Казак) АССРин түзүү боюнча декрет кабыл алынып, Туркестан АССРинин курамындагы Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустары Казак АССРине кошулуп калганы. Башкача айтканда кыргыз эли Казак АССРинин курамына кирип калганы. Иш жүзүндө кыргыз элинин өз алдынчалыгы жоголгону.
Түрк КП БКнын, ТҮРК БАКтын, Ортоазбюро мүчөлөрүнүн 1924-ж. 10-марттагы кеңешмесинде Ишенаалы Арабаевдин сөзү: 1.Кара кыргыздар саны жагынан көп болуп жана казак-кыргыздан кескин айырмаланат
2.Кара кыргыздардын улуттук кызыкчылыгы бардыгынан көп кемсинтилип жатканы
3.Өз алдынча республика түзүү укугу берилбегендигин айткан. Элдин өз эгемендигин өзү чечиш керектигин жетекчиликке алган Абдрахман уулу, тилектештери Абдыкерим Сыдык уулу, Ишеналы Арабай уулунун мекенчилдик, патриоттук ишмердигине таазим. Эгемендүүлүктүн башатында турган кыргыз интеллигенциясы, эркиндиктин кылымга татыган тарыхы.
  • 1 Кароолор