Ден-соолук

Ден-соолук

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 5-“в” классынын класс жетекчиси Какеева М. “Сасык тумоо” , “Кызамык “ деген темада тарбиялык сабак өттү. Сабакта мугалим окуучуларга тумоо жана кызамык оорулары тууралуу түшүнүк берди.
Бул ооруларды алдын алуунун жолдорун үйрөттү.
Жеке гигиена эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрдү. Балдар тумоо жана кызамык ооруларынын негизги белгилерин жана себептерин билишти. Тумоо же кызамык белгилери байкалганда, дароо аракет кылуу керектигин түшүнүп, туура чечим кабыл алып, дарыгерге кайрылуу керектигин түшүндүрүп берди.
  • 1 Кароолор