14- февраль - Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 3-а классында 14-февраль Китеп белекке берүү күнүнө карата иш-чара өтүлдү. Китеп белекке берүү күнү дүйнө жүзүндө китеп окууга кызыгууну арттыруу максатында белгиленет. Бул күнү окуучулар бири-бирине китеп белекке беришип, окуу маданиятын жайылтышты. Ошондой эле ата-энелер балдарына китеп окуп берип, алардын билимге болгон кызыгуусун ойготушту. Китеп белек кылуу – билимди бөлүшүүнүн жана китепке болгон сүйүүнү арттыруунун эң жакшы жолу Маалымат берген мугалими Эгизбаева Ү.К.

  • 1 Кароолор