9-Май – Жеңиш күнү

9-Май – Жеңиш күнү

9-Май – Жеңиш күнү

Жалал- Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы № 1 мектеп- гимназиясынын мектеп жамааты “ 9-Май – Жеңиш майрамына карата Улуу Ата – Мекендик согушка катышкан, бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен ага – туугандарынын сүрөттөрүн “Өлбөс полктун” катарын толуктап көтөрүп чыгышты. Улуу жеңиштин 74 жылдыгына карата 74 сүрөт улуу Манас атабыз 40 чоросу менен кылкылдап келе жаткандай элес берип , аталарыбыздын көрсөткөн эрдиктери жаш муундарга өзгөчө дем берди. Согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып,алар көрсөткөн эрдиктери Улуу жеңиштин тарыхында алтын тамгалар менен белгиленип калды. Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү реквиеми Кара – Көл шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду. 5-11- класстын класс жетекчилери “9-Май –Улуу жеңиш майрамы” деген темада класстык сааттарды өтүшүп, окуучуларды патриоттуулукка тарбиялашты. 9-11- классынын окуучулары тарабынан дубал газеталар чыгарылды. 8-“Б” классынын класс жетекчиси Батыркулова Ж “Эч ким эчнерсе унутулбайт” деген темада класстык саат өтүп, “9-Май – Жеңиш майрамын бизге алып келген аталарыбыздын эрдиктерин даңазалашты. 8-“В” классынын класс жетекчиси Базарбаева З “Улуу Жеңиш” деген темада класстык саат өтүп, мектебибиздеги агайлар сабакка катышып, окуучуларды мекенчилдикке тарбиялады. Ата – бабаларыбыздын эрдиктери эч качан унутулбайт! Биздин келечегибиз үчүн күрөшкөн ата – бабаларыбызга таазим!

  • 3 Кароолор