Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында февраль айы ичи китеп окууга, окурмандык сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулду. 3-февралдагы дүйнөлүк үн чыгарып китеп окуу күнүнө, 14-февраль китеп белекке берүү күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду. Тез окуу, чыгармачыл жазуу, окуганын түшүнүү сынактары өтүлдү. Бири-бирине, китепканага китептерди белекке беришти. Бул иштердин жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болгон окуучулар, классында жогорку көрсөткүчтөрдү жараткан мугалимдерге мектеп администрациясы тарабынан грамоталар тапшырылды.
- 1 Кароолор