Токтогул атындагы #1 жалпы орто билим берүү мектебинде 3-февраль үн чыгарып китеп окуу күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Мелисова Жазина, Бакытбек к Мираида окуучулардын окурмандык сабаттуулугун өнүктүрүү максатында, 2-3-4-класстар арасында 425 окуучуга дилбаян жана баяндама жаздырышты. Жыйынтыгында ар бир класстан эң мыкты жазган бирден окуучу тандалып, грамота менен сыйланышты. Жаш адистердин бул ишин мектеп администрациясы жогору баалап, грамота тапшырды. Жаш мугалимдер Жазина жана Мираида окуучуларга билим тарбия берүүдө ийгиликтерди жаратып, чыгармачылыктары арта беришине тилектешпиз!
- 1 Кароолор