“Дүйнөгө эненин мээриминен келгенсиз”

“Дүйнөгө эненин мээриминен келгенсиз”

“Дүйнөгө эненин мээриминен келгенсиз”

Жалал – Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы № 1 мектеп – гимназиясында 14.05.19. күнү “Дүйнөгө эненин мээриминен келгенсиз” деген темада ата – энелер чогулушу болуп өттү. 5-8- классынын ата – энелер комитеттери жана 9-11- классынын ата- энелери катышты. Ата – энелер чогулушунда 6-“А” классынын окуучулары “Энелер күнүнө “ карата майрамдык шаң тартуулады. “Энелер күнүнө” карата “Мыкты эне” номинациясы 6-“А” классынын окуучусу Аскарова Айгүлдүн апасы Нуралиева Назгүл Юнусовнага берилди . Себеби Айгүл математика сабагынан АКМОдо республикага барып активдүү катышуучу болуп келген. Нуралиева Назгүл Юнусовна үйдө уул- кыздарына туура тарбия берип, мектеп менен тыгыз байланышта болот. Ал эми 11-“А” классынын окуучусу Байышбекова Айданектин апасы Илипбаева Ч.Т. уул- кыздарды тарбиялоодо зор салымы жана кызы Байышбекова Айданек кыргыз тили жана адабияты сабагынан республикалык, областтык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн “Мыкты эне” номинациясы мектеп администрациясы тарабынан ыйгарылды. ШБББнүн башчысы Мырзалиева А.Б. “Мыкты эне” номинациясын ыйгарды. Энелерибизди “Энелердин майрамы” менен куттуктады. Чогулуштун экинчи бөлүгүндө ШБББнүн башчысы Мырзалиева А.Б. , мектеп – администрациясы бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик экзамендин жоболору менен тааныштырды.

Жалал-Абад ОИИБнын 17.04.2019-ж №126 сандуу телефонограмманын талаптарын аткаруу максатында ата – энелердин коштоосусуз эс алуу убагында сайларда, агын суулардын жээктеринде , көлдөрдө жана жаратылышта эс алган жарандар жана жашы жете элек өспүрүмдөр арасында сай жана көлдөрдө киринип , суулардын жээктеринде көзөмөлсүз ойноп, чөгүп каза болуу кокустуктарынын алдын алууну мектеп – гимназиясынын директору Кокоева Г.С. окуучуларга жана ата – энелерге түшүндүрдү. Окуучулар жана ата-энелер арасында “Окуу жайларда, кафе, ресторандарда майрамдык кечелерди уюштурууну ошондой эле калк жашаган аймактардан сырткары ( туристик базалар , эс алуу үйлөрү, тоолор ж.б)” жашы жете элек өспүрүмдөр менен сейилдөө иштерин болтурбоо жана уюштурбоо жагы эскертилди. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй- бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Калыбай уулу Капар катышып ,үй- бүлөнү жана балдарды колдоо , жетим балдар үйүндөгү балдарды асырап алуу боюнча энелерибизге түшүндүрүү иштерин жүргуздү. ЖИИнин ага тескөөчүсү Мырзабеков С.Ш келип катышып 25- май күнү акыркы коңгуроо аземинде жаратылышка эс алууга чыкпоону,кафе- ресторандарда майрамдык кечелерди уюштурбоо, техника коопсуздугу, жолдо жүрүү эрежелеринен, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча профилактикалык иш- чараларды жүргүздү.

 

  • 3 Кароолор