Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 10-"Б" классынын окуучуларына 15-февраль күнү Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыгарылышынына 36 жыл болгонуна байланыштуу "Ооган ардагерлерине таазим" деген темада класстык саат өтүлдү.Класстык саатта слайд көрсөтүлүп,Ооган согушунун тарыхы жө́нүндө́ кеңири маалымат алышты. Мындан 36 жыл мурун Ооган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып,1989-жылдын 15-февралына чейин созулган.Он жылга жакын созулган согушка 620 миңдей советтик аскерлер аскер кызматкери катышкан.Ал согушка Кыргызстандан 7миңден ашык жоокер жө́нө́түлүп,алардын ичинен 300дө́й курман болуп,1500 киши ар кандай жаракат алган.1989-жылы 15-февралда советтик жоокерлеринин акыркы колоннасы Ооганстандан чыгып кетишкендиги тууралуу маалыматтарды эске салып,андан соң окуучулар биздин Кара-Көл шаарынын ардагерлери жө́нүндө́ билгендерин айтып беришти.Тынчтык ,согуш жө́нүндө көркөм ыр саптарын айтышты,азыркы тынч, бактылуу жашообуз үчүн Ооган согушуна ,Ата Мекендик согушка катышып баатырларча курман болгондугуна ыраазы болушту .Сабактын акырында мен өзүмдүн акем Базарбаев Абдираим Токталиевич 18 жаш курагында Ооган жергесине аскердик кызмат өтөгөнү кетип ,согушта курман болуп,сөөгү келгенин айтып бердим.Азыр Айбике айылында айкели тургузулуп жакындары ар дайым эскерип жүрүшө́т.Биз ардагерлерибиз менен сыймыктанабыз.
- 1 Кароолор