Ооган согушу

Күн чайыттай тийип,көк асмандагы ак булуттардын бийин күндө көрүп, тирүүлүктүн жуурулушкан гармониясын сезип жашоо - бакыт эмей эмне?
Бирок ушул бакыттан 1979-жылдын 25-декабрынан баштап авган эли айрылган...
Согуш-кайгы,ый,көз жаш,адам каны жыттанган талаа...
Токтогул атындагы №1 ЖОББМнын 7-б классында "Тарыхта калган дагы бир так" д.темада класс жетекчиси Карагулова Бегимбү баян куруп,келечек муун менен баарлашып, канчалаган адамдардын өмүр багына балта чапкан согуш эч качан,эч жерде кайталанбашы жөнүндө тилек айтты.
"Таазим силерге,мекен баатырлары, түбөлүктүү жайыңарда бакыттын жалыны өчпөсүн,урпактар унутпайт!"
  • 1 Кароолор