Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин
2- б классынын класс жетекчиси Майнаева Насият “14- февраль - Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү “ деген темада класстык саат өттү.
Жыл сайын дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстанда 2012- жылдан тарта китепти белекке берүү күнү белгиленет.
Белгилүү дата балдарга, чоң кишилерге китеп бергенди бириктирип, китепке болгон сүйүүнү арттырат.
Окуучуларга ата- энелер кызыктуу жомок топтомдору, чакан аңгемелер, балдар энциклопедиясы,сөздүк, Балдар үчүн 40 хадис, жомок артынан жомок, сүрөттүү жомок жана башка китептин түрлөрүн белекке беришти. Окуучулар, ата- энелер тарабынан жасалган бул сюрпризди өтө кубануу менен кабыл алышты.
Бул салтты жылда улантуу керектиги белгиленди.
- 1 Кароолор