Токтогул атындагы N1 жалпы орто билим берүү мектебинин мектеп администрациясы жана мугалимдер жамааты 15-февраль Ооган жергесинен советтик аскерлердин чыгарылган күнүнүн 36 жылдыгына карата “ Жеңиш” аллеясында уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышып, өздүк курамдын окуучулары менен биргеликте эстеликке гүлчамбар коюшту. Шаарыбыздын мэри Орозбаев Нуртилек Орозбаевич сөз сүйлөп, Ооган согушуна катышкан ардагерлерге ден соолук каалап, элибизде тынчтык болуусуна тилектештигин билдирди.
- 1 Кароолор