Билим берүү

Билим берүү

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10-"В" классынын окуучусу Султанов Темирлан физика мугалими Масилбек кызы Кайыргүл эжекеси менен 13-февраль күнү №89-Кесиптик лицейде өткөн "Жаш ойлоп табуучулар" конкурсуна катышып келишти. Конкурска алар экологиялык жактан таза, үнсүз жана аз титирөөгө ээ, экономикалык жактан үнөмдүү, техникалык жактан тейлөөгө оңой болгон электромобилдин моделин жасап барышкан. Конкурста жакшы ийгиликтерди жараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик интелектуалдык менчик агентствосу уюштуруп жаткан конкурстун 2-этабына өткөндүгүн аныктоочу сертификат жана Кара-Көл шаарындагы №89 Кесиптик лицейинин администрациясынын грамотасын жана мектеп директорубуз Тагаева Рахат Аралбековнага ыраазычылык кат алып келишти.

  • 1 Кароолор