Урматтуу ата- энелер! Сиздин балаңыз үчүн бөлгөн убактыңыз эң баалуу жана анын баалуулугу учурдун актуалдуу маселелерине арналып, максаттуу болсо ого бетер баалуулугу артат.
14.02.2025. 9- а классынын ата- энелери окуучуларга жана ата- энелерге "Энелер мектебинин" алкагында чогулуш өтүштү. Негизги маселе окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун өсүшү жана зомбулук жөнүндө "Зомбулуксуз мектеп" деген темада болду.
Чогулушта "Энелер мектебинин мүчөсү Назирова Гулжамал баяндама жасады. Талкууга бардык ата-энелер активдүү катышып, окуучуларды достукка, биримдикке жана ынтымакка чакырышты. Кичинекей жерибиздин улуу улутунун урпагын татыктуу тарбия менен улантуунун максаттуулугун мектептин окуу тарбия иштери боюнча орун басары Кадырова Ж.Ч. белгилеп өттү. Мектептин директору учурдагы көйгөйлөр жөнүндө маалымат берип, ата- энелерди мектеп менен тыгыз байланышта окуучуларга билим жана тарбия берүүнүн зарылдыгын белгиледи.
- 1 Кароолор