"Энелер мектебиндеги" сабактар

"Энелер мектебиндеги" сабактар

"Энелер мектебиндеги" сабактар

Эне тилейт “Күндүн нуру тоңбосо!”

Эне тилейт “Күндүн нуру соолбосо!”

Мен да тыйпыл, күн да тыйпыл болмокчу,

Эгер кокус эне заты болбосо! (Турар Кожомбердиев).

“Бейиш энелердин таманы астында” деп элибиз бекеринен айтылбаса керек. Биздин ийгилигибизге чогуу кубанып, ар дайым “балам” деп бизди ойлоп жүргөн энелерибиздин ак сүтүн актоо эң чоң милдет эмеспи... дүйнөдө канчалаган майрам, атайын белгиленчү күндөр бар. Ар бир күнү апабыз жүрөгүбүздө болгон үчүн бардык күн апакелердин күнү деп ойлойм. Март айы, жаркыраган май айы энелерибиз үчүн чоң майрам. 2012-жылдын 23-апрелинде №93 менен экс-президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында энелерлер күнүн белгилөө” жарлыгына кол койгон. “Апалар күнү” – энелерге арналган эл аралык майрам. Эл аралык айымдар күнүнөн айырмаланып,. Бул майрам түрдүү өлкөлөрдө аркандай белгиленет. Ал эми Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленет.

Жарлыкта айтылгандай: “Энени сыйлоо жана урматтоо салтына ылайык, эненин балдарды тарбиялоодо маанилүү ролун таанып билүү, үй-бүлөнү бекемдөө, коомду өнүктүрүүгө кошкон салымы Кыргыз элинде терең мааниге ээ. Ар бир жаран, жашына карабастан, эне менен болгон жан дүйнөлүк байланышты, анын колдоосун жана сүйуүсүн сезип турат. Кандай гана эненин камкордугуна ыраачылыгыбызды билдирбейли, баарыбир анын алдында карызбыз”. Энелердин майрамын утурлап Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясында да бир нече иш – чаралар өткөрүлдү.

20.05.19. күнү  “Энелер “күнүнө арналган  Токтогул атындагы № 1 мектеп- гимназиясында 5-“А” классынын класс жетекчиси Кудайбердиева Самара , 5-“В” классынын класс жетекчиси Ташбаева М  2 бөлүктөн турган “ Таазим сага, күн мээримдүү энелер “ деген темадагы энелер мектебинин астында класстан тышкаркы иштерди өткөрүштү. Кыргыздар байыртадан аял-энени ыйык көргөн, сүймөнчүлүк менен Умай-эне деп атаган, жерди урмат менен Жер-Эне, өз тилин-Эне тил деген! Алгач окуучуларыбыз Умай энелерибизге арналган ыр саптарын, айтышты. Аялдар жөнүндө белгилүү даталар ,энелерди даңазалаган накыл сөздөр айтылып, обондуу ырлар ырдалды. Энелерибизге гүлдестелер тартууланды.

6-“В” классынын класс жектекчиси Айбекова А.А. “Энелер мектебинин” астында “Энелер күнунө” карата “Эне кымбат, эне ыйык баарынан” деген темада энелерибизге класстан тышкаркы иш- чара өткөрдү. “Энелер бул дуйнөнүн улуулары” деген темада окуучулар көркөм ырларды, обондуу ырларды ырдашып, бийлерин бийлешип, энелерибиздин жүрөгун сүйүнүчкө бөлөдү. Ар бир окуучу энелерге арнап гүлдестелерин тартуулашты. “Энелерибизди жыл сайын белгиленип келе жаткан” Эл аралык энелер күнү” менен  куттуктады. Ата – энелерге ыраазычылык каттарды , үлгүлүү жүруш- турушка ээ болгон, “Эң жакшы” окуган,коомдук иштерге активдүү катышкан балдарга , спортсмендерге грамоталарды тапшырды.

6-“Г” классынын класс жетекчиси Үтүрова Мээрим“Эне ыйык- эне кымбат баарынан” деген темада класстык саат өттү. Класстык сатта: билимдүү, ыймандуу, таланттуу балдарды тарбиялоо максатында окуучулардын таланттары көрсөтүлдү. Эненин кымбат,ыйык экендиги даңазаланды.

  • 3 Кароолор