Токтогул атындагы #1 жалпы орто билим берүү мектебинде 21-февраль эл аралык эне тилдер күнүнө карата Джуматаева Савлеткан эжеке 4 г класстын окуучуларына адабий-музыкалуу сабак өттү. Учурда дүйнөдөгү тилдер жана ар бир адамдын алдында өзүнүн эне тилин сактоо милдети тургандыгы жөнүндө кеңири маалыматтарды берди. Кыргыз , орус тилдеринде ырларды көркөм айтышып, макал-лакаптарды бир тилден экинчи тилге которушуп, Манас айтышып, 2 тилде ыр-бийлерди аткарышты. Окуучулар активдүү болушту. Устат мугалимибиз Савлеткан Анарбековнага чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
- 1 Кароолор