Токтогул атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектебинин 3-а классынын окуучуларына зордук зомбулукка, талап-тоноо,бири- бирин капа кылбоо тууралуу"Жашоо бир келет " деген темада өтүлгөн тарбиялык сааттан.
....Адам бул дүйнөгө бир келет, өмүрдүн ар бир күнү кымбат, ар бир көз ирмем кайталангыс. Сен жашсың, бөбөгүм, жашооң али алдыда, жүрөгүң таза, үмүтүң чоң. Бирок эмнеге сен жаныңдагы досуңду капа кыласың? Эмнеге урушасың, эмнеге уруп, көңүлүн оорутасың?
Достук – бул адамдын эң чоң байлыгы. Дос — сенин таянаар тооң, кубанганда сүйүнүчүңдү бөлүшчү, кайгырганда жаныңда турган адам. Бирок сен аны капа кылсаң, урушсаң, ал сенден алыстап кетет. Анда сен жалгыз каласың, өкүнүп кала турган учур келет.
Бирөөдөн акча сурап, бекерчиликке берилип, жеңил жол издөө – бул адамдын өзүн алдаганы. Эмгек кылбай, мээнеттенбей жашоо – чыныгы бакыт эмес. Өмүр кыска, аны текке кетирбей, жакшылык кылып, чыныгы досторду таап, ынтымакта жашаш керек.
Келгиле, жаман адаттарды таштап, бири-бирибизди сыйлап, ырыскыбызды мээнет менен таап, достукка бекем бололу. Ынтымактуу, боорукер, жароокер болуп, башкаларга үлгү бололу! Жашоонун чыныгы көркү – бири-бирибизди колдоп, сүйүү менен жашоодо.
Маалымат жазган мугалими Эгизбаева Ү.К.
- 1 Кароолор