Токтогул атындагы #1 жалпы орто билим берүү мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тилдер күнүнө карата 2 А классынын жетекчиси Шаилдаева Саадат эжеке "Сөз үйрөнүп алалык" деген темада акыл таймаш өткөрдү. Сабак абдан кызыктуу жана мазмундуу болду. Окуучулар эне тилинин баалуулугун түшүнүп, активдүү катышканы байкалды.
Сабакта колдонулган методдор, оюндар, санарип инструмент менен түзүлгөн суроолор, сөздөн сөз түзүү, дүйнөдөгү ар тилде ырларды аткаруу окуучуларды кызыктырып, аларды ой жүгүртүүгө, сүйлөө маданиятын өнүктүрүүгө багытталганын байкадык. Сабак "Бүгүн бизде тил майрам" деген обондуу ырды хор аткаруу менен жыйынтыкталды.
Мындан ары да ушундай чыгармачыл, интерактивдүү сабактарды өтүүңүзгө тилектешмин! Эмгегиңиз жемиштүү болсун
- 1 Кароолор