Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргузүү

Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин 5-б классынын класс жетекчиси Назаралиева Ш.С "Биз кылмыштуулукка каршыбыз"деген темадагы класстык саат өттү. Класстык саатта окуучуларга коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп жана элдин, айрыкча жаштардын, жакшы жолду тандап алууга, мыйзамдуулукту урматтоого үндөө жасады. Окуучулардын туура жолду тандоосу кылмыштуулукка жол бербей, тынчтыкты сактап, коомго пайда алып келет. Кылмыштуулук коомдун жалпы маселеси катары каралып, анын алдын алуу үчүн бирге аракет кылуу керек экендиги тууралуу ой айтылып, окуучуларга суроолор берилип, алар өз ойлорун ортого салышты. Кылмыштуулук деген –бул бирөөгө зыян келтирүү, коомго туура эмес мамиледе болуу дегенди түшүндүрөт. Кылмыштуулукка каршы экендигин билдиришип, ырларды көркөм айтышты.

  • 1 Кароолор