Токтогул атындагы √1жалпы орто билим берүү мектебинин 1-б классынын ата - энелерине класс жетекчи
Мусаева Г.Э. "Зордук -зомбулук"жөнүндө жана "Кылмыштуулуктун алдын алуу" боюнча кезектеги чогулушун өткөрдү.Ата-энелер менен баланын ортосундагы мамиле 8 жаштан 12 жашка чейинки мектептеги кенже курактагы балдардын жүрүм - туруму айтылды.Жаштар арасында жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азыркы коомдун коркунучтуу көйгөйлүү маселеси катуу ойго салып,ошол себептен ата - эне ,педагогдор жана укук коргоо органдары дегеле бүткүл адамзаты кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн иш - аракеттерди алып баруусу керек экендиги тууралуу маселе козгоду .Ата - энелерге кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн азырынча баланы сабактан калтырбоо ,мектептеги ар кандай ийримдерге катыштыруу, улуулардын айтканын угуу, ыймандуу менен адептүү тарбиялоо менен бирге өздөрү да үлгүлүү болушу керек экендиги белгиленди.Мектептин директору
Тагаева Р А чогулушка келип ата - энелерге өспүрүмдөр арасындагы коомдогу болуп жаткан жат көрүнүштөрдү айтып ,тарбия- үй бүлөдөн башталарын ,мектеп билим бере турганын айтып ,аңгемелешти.
- 1 Кароолор