Токтогул атындагы #1 жалпы орто билим берүү мектебинин 2-в классында "Кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу"- деген темада ата-энелерге чогулуш өткөрүлдү.Бул чогулушта ата-энелерге зордук-зомбулуктун алдын алуу жана балдардын коопсуздугуна кам көрүп, мындай көйгөйлөрдү балдар менен биргеликте иш алып баруу керектиги айтылды.1.Ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча талкуу жүргүзүлүп,ата-эне катары балдарыбызды кандай тарбиялап жатабыз?
2.Ата-энелердин жоопкерчилиги.
3.Кылмыштуулуктун алдын алуу.
4.Ата-энелердин милдеттери.
5.Балдардын кылмыштуулуктан алыс болушуна эмне жардам берет? деген суроолордун тегерегинде талкуу жүргүзүлдү.Ата-энелердин милдеттери-бул алардын балдарына тарбия,билим жана сүйүү берүү менен гана чектелбестен,алардын жашоосунун бардык чөйрөсүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу.Балдарга сүйүү,камкордук жана коопсуздукту камсыздоо аркылуу ата-энелер балдарды жакшы инсан болуп өсүүгө жардам берүүсү тууралуу ой бөлүшүштү.
Класс жетекчиси: Абдылдаева Г.М
- 1 Кароолор